Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:29

Академик Курман-Гали Каракеев дүйнө салды


Көрүнүктүү коомдук, мамлекеттик ишмер, академик Курман-Гали Каракеев узакка созулган оорудан кийин 99 жаш курагында көз жумду. Илимдер Академиясы тараткан маалыматка караганда маркумду акыркы сапарга узатуу расмиси өзү иштеген Улуттук Илимдер академиясында өтүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Курман-Гали Каракеев 1960-жылдан баштап 18 жыл бою Улуттук Илимдер Академиясын башкарып, анын түзүмүн өркүндөтүүгө, Академиянын тутумундагы автоматика, физика, математика, тоо кендери, сейсмология, философия өндүү институттардын түптөлүшүнө олуттуу салым кошкон. Көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси, «Кыргыз Республикасынын Батыры» наамы ыйгарылган.(BuS)

XS
SM
MD
LG