Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

ИИМ: “Ата Мекендин” төрт депутаты доодон кутулду


“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков жана Болот Шерге байланышкан кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Кубатбек Норузбаев 13-ноябрда журналисттерге билдирди. ИИМдин өкүлүнүн билдиргенине караганда, Юсупов жарыялаган кылмыш ишке аталган төрт депутаттын тиешеси жок экендиги аныкталып, жоопкерчиликтен бошотулду, бирок кылмыш иши боюнча тергөө токтотулган жок.

Убактылуу кармоочу жайда отурган Абдулла Юсупов 7-апрелден кийинки талап-тоноолорго аталган депутаттардын тиешеси бар деп билдирүү жасаган. Анын негизинде Башкы прокуратура 22-августта кылмыш ишин козгоп, ИИМ тарабынан 246 киши суралган. (BuS)

XS
SM
MD
LG