Испания менен Португалияда бир учурда өткөрүлүп жаткан иш таштоо коомдук транспорттун жарым-жартылай токтошуна алып келди.
Иш таштоодон улам аба каттамдар да токтоп, мектептер жабылары күтүлгөн.
Италияда профсоюздардын эң ири ириси өз мүчөлөрүн бир нече саат иштебөөгө чакырган.
Грецияда да мамлекеттик жана жеке сектордун профсоюз уюмдары кеминде үч саатка иш таштоо чакырыгы менен чыгышты.
Нааразылык акциялар Бельгияда, Германияда, Францияда, Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрүндө да мерчемделген.
Иш таштоо аркылуу европалык жумушчулар өкмөттөрдүн үнөмдөө чараларына, жумушсуздук деңгээлинин өсүшүнө нааразылык билдиришүүдө. (UE)