Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

НАТОнун баш катчысы Грузиядагы камоолор боюнча тынчсыздануусун кайталады


Расмуссен жана Иванишвили. Брюссел, 14-ноябрь, 2012-жыл.
Расмуссен жана Иванишвили. Брюссел, 14-ноябрь, 2012-жыл.
Андерс Фог Расмуссен бүгүн Брюсселде грузин өкмөт башчысы Бидзина Иванишвили менен чогуу өткөргөн басма сөз жыйында саясий фигураларга каршы укуктук жараяндарда “мыйзам үстөмдүк кылуусу” керектигин белгилеп:

- Мен тынчсыздануум - бул соттор саясий жүйөсү бар деп кабыл алынып калбайбы? Анда ал өлкөнүн беделине доо кетириши мүмкүн. Ал эгер чын чыкпай калса да, бул - менин тынчсыздануум.

Грузияда азыр мурдагы ички иштер министри Бачо Ахалая камакта отурат.
Ахалаядан тышкары өткөн аптада грузин армиясынын Генштабынын башчысы Георгий Каландадзе, Коргоо министрлигинин 4-бригадасынын мурдагы колбашчысы, генерал Зураб Шаматава камакка алынышкан.

Кечээ Башкы прокуратура мурдагы ички иштер жана коргоо министри Ахалаяга жаңы айып койду.

Ал жоокерлерди кыйнаган жана мыйзамсыз камаган деп, генерал Каландадзе болсо кызматынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. Ушундай эле айып генерал Шаматавага да коюлган.

Бирок эки генерал кепил өткөндөрдүн жардамы менен тергөө мезгилинде камактан бошотулушту.

Грузин өкмөт башчысы Бидзина Иваншивили бүгүнкү басма сөз жыйында ал НАТО баш катчысына тергөөнүн ачык-айкындуулугун камсыздаш үчүн бул жараянга мүмкүн болгон ыкмалар менен катышууну сунуш кылганын, бирок Андерс Фог Расмуссен мындай кадамды зарыл деп эсептебесин белгиледи.

XS
SM
MD
LG