Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Израил: Газадагы операциясын күч алдырууга даяр


Израилдин өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху анын өлкөсү Газа тилкесинде "Хамас" уюмуна каршы операциясын дагы кеңейтүүгө даяр экендигин бышыктады. Мунун алдында "Хамастын" согушчул канатынын жол башчысы шаршемби күнү абадан урулган соккуда өлтүрүлгөн эле. Израил армиясы бул сокку Израилдин кара тизмесинде биринчи орунда турган Ахмед ал-Жабаарини бутага алгандыгын бышыктаган. "Хамастын" куралдуу канаты болгон Изз ел-Дин ал-Кассам бригадалары Жабаари үчүн өч аларын эскертти. "Хамас" уюму жетектеген Газа тилкесинде кечээ кечиндеги абадан сокку урууда аз дегенде дагы беш палестин набыт болду. Буга жооп иретинде Израил ракетадан аткыланды. Египеттин президенти Израилдин Каирдеги элчисин чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.

XS
SM
MD
LG