Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Салмоорбек Дыйканов үй камагына чыгарылды


Кечээ Бишкектин Ленин райондук соту “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйкановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Мукар Чолпонбаев кабарлады.

Дыйканов жана дагы башка 5 адамга 26-августта Коомдук телерадио корпорацияга кирип барып, 12 кенди иштетүү боюнча чет элдик инвесторлордун катышуусунда өтүп жаткан аукционду үзгүлтүккө учуратканы үчүн Кылмыш кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча иш козголгон. Бирок анда ал камакка алынган эмес. Андан соң Дыйканов 3-октябрда Бишкекте өткөн Кумтөр маселесине арналган аягы чуу менен аяктаган митингге катышканынан улам соттун чечимине баш ийбеген деп УКМКнын тергө абагына камалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG