Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Сейит Убукеев билдирди. Алардын көпчүлүгү Казакстан аймагы аркылуу маңзатты мыйзамсыз ташыганы үчүн кармалган. Булардын айрымдарынын үстүнөн тергөө иштери бүтпөгөндүктөн, убактылуу кармоо жайларында жатат, айрымдарын Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, дүйнөнүн 20 өлкөсүндө былтыр эле эки миңге жакын кыргыз жарандары эркиндигинен ажыратылган. Алар бейбаштыктан тарта баңгизат ташып, киши өлтүрдү деген айыптар менен темир тор артында отурат. (EBM\BkA)