Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Кыргызстанда 600дөн ашуун адам гемодиализге кезекте турат


Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн гемодиализ, же жасалма бөйрөк менен камсыздоо боюнча өлкөдөгү кырдаалды талкуулайт. Ага мындай аппаратты ташыган германиялык фирмалардын өкүлдөрү катышмакчы.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда өтүшкөн бөйрөк оорулуулар саны көбөйүп жатат. Учурда 300дөй адам гемодиализ менен камсыз болгон, дагы 600дон ашууну кезекте турат.

Мындай оорулуулар бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, эки-үч күндө бир жолу канын тазалатып турат. Бул мамлекеттин эсебинен бекер жасалат. Бирок мамлекеттик эсепке алынганга чейин ал үчүн төлөөгө туура келет жана бөйрөктү бир жолу жуудуруунун баасы 5 миң сомго чейин жетет. (EBM)

XS
SM
MD
LG