Жалал-Абадддагы Аксы районунун акими Медет Айдаралиев Өзбекстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кечээ күнкү окуяны талкуулап, тынчтык жолу менен чечип алууну макулдашканын “Азаттыкка” билдирди.
Кечээ түштөн кийин Өзбекстандын Наманган районуна караштуу Нанай айылынан 10-15 чакты тургун өтүп келип, Аксы – Ала-Бука жолундагы эки жеңил унаа жана 1 Камазды таш бараңга алган.
Айдаралиев бул окуя боюнча Өзбекстанда 4 бала камалганы тууралуу маалымат келип жатканын билдирди. Таш бараңдан адамдар жабыркаган эмес. Жергиликтүү милиция мындай окуялар маал-маалы менен болуп турарын билдирүүдө. (EBM)