Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:41

Пакистан "Талибандын" бир нече адамын абактан чыгарат


Бул маалыматты бүгүн ооган тарап да, пакистан тарап да ырастоодо. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алар "Талибандын" бир нече адамын абактан бошотууга Ооганстандын өтүнүчүнөн улам, “элдешүү жараянын алга жылдыруу үчүн” барууда.

Ооган президенти Хамид Карзайдын маалымат катчысы Имал Фаизи “Азаттыктын” ооган кызматына буларды айтты:

- Ооганстандын өкмөтүн коңшубуз жана досубуз Пакистандын өкмөтүнүн жакындагы чечимин кубаттайт. Биз ал адамдар абактан чыккандан кийин үйүнө кайтат деп үмүттөнөбүз. Бул - Ооганстандагы тынчтык жараян үчүн оң кадам.

Эки өлкө жогорудагыдай чара "Талибанды" өкмөт менен душмандашуудан баш тартып, сүйлөшүү жараянына кирүүгө ынандырат деп үмүттөнүшүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG