Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Түркия Сириянын оппозициячыл коалициясын тааныды


Расмий Анкара Сирия оппозициясынын Улуттук коалициясын Сирия элинин “мыйзамдуу өкүлү” катары тааныганын бүгүн түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы жарыялады.

Давутогулы мусулман мамлекеттеринин Жибутидеги жыйыны учурунда белгилегендей, Түркия Сирия оппозициясы кураган коалицияны чын жүрөктөн кубаттайт жана башка мусулман өлкөлөрүн да аны таанууга чакырат.

Сириянын чачыранды болуп келген оппозициячыл топтору АКШ колдогон планга ушул дем алыш күндөрү көнүп, бир бирикмеге баш кошууну макулдашкан.

Бириккен оппозиция президент Башар Асаддын режимине каршы бир стратегияны карманып, саясий режим кулаган шартта өткөөл өкмөт курууга камынуусу керек.

Мындан эки күн мурда Франция сириялык коалицияны расмий тааныган алгачкы Батыш өлкөсү болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG