Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Израил менен Хамастын Твиттер согушу


Газа тилкесинен атылган ракета Израил тарапты бутага алууда. 15-ноябр, 2012-ж.
Газа тилкесинен атылган ракета Израил тарапты бутага алууда. 15-ноябр, 2012-ж.

Согушкан тараптар интернет аркылуу ар бир урулган соккунун сүрөтүн дароо таркатып, кечиктирбей чагылдыруу тактикасы учурда Израил менен Хамастын ортосунда аяр колдонулуп жатат.

Газа тилкесине сокку урган Израил бир эле мезгилде интернетте Твиттер аркылуу өз аракеттерин кеңири коомчулукка жеткирүүнүн аракетинде болууда.

Израилдин коргонуу күчтөрү ушул шаршембиде Хамас уюму көзөмөлдөгөн Газа тилкесинде чабуул баштаганда бул күчтөрдүн кеңсеси операцияны ийне-жибине чейин Твиттер аркылуу түз кабарлап турду. Ал гана эмес Твиттерден душманы Хамас менен кайым айтышты.

Твиттер согушу Израилдин Коргонуу күчтөрүнүн пресс кызматы менен Хамастын согушчул канаты Алкасам бригадаларынын ортосунда жүрүүдө.

Бул күнү Израилдин абадан урган сокуусунан Газанын 13 тургуну, анын ичинде Хамастын кол башчысы Ахмед ал-Жабаари өлтүрүлдү. Ушул эле күнү Хамас түштүк Израилди ракетадан аткылап, үч израдилдиктин каны төгүлдү.

«Газа тилкесиндеги террор очокторуна жана террорчуларга каршы кеңири масштабда өнөктүк башталды, башкы бута Хамас менен Исламдык Жихад болду» деп сүрөттөдү бул согушту Твиттерден Израилдин Коргонуу күчтөрү.

Мындан эки мүнөттөн кийин бул күчтөрдүн маалымат катчысы өз Твиттеринен «башкы бута» жок кылынганын жар салды: «Мындан бир нече мүнөт мурда сокку урулган бута Хамастын согуштук канатынын башчысы Ахмед ал-Жабари болду» деп твиттеди ал.

Мындан көп өтпөй, ушул эле булактан Твиттер аркылуу сокку уруудан сүрөттөр таркатылып, бир эле мезгилде Газадагы карапайым тургундарды абадан сокку урулушу мүмкүн болгон буталардан окчун болууга чакырган дигиталдык плакаттар, инфо-графика, видео тасмалар жөнөтүлө баштады.

Израилдин Хамаска багыштаган «Биз Хамастын мартабалуу жана катардагы мүчөлөрүнө алдыдагы күндөрү көчөгө чыкпоого кеңеш беребиз» деген эскертүүсү дээрлик 4 миң жолу кайра твиттелди.

Хамастын согуштук канаты Алкассам бригадалары бул эскертүүнү жоопсуз калтырган жок. Алар «Биздин кудай жалгаган колдорубуз силердин жол башчыларыңарды жана аскерлериңерди кайдан болсо да табат, тозоктун дарбазасын өзүңөр ачтыңар» деп жооп жазды.

Алкассамдан да видео, сүрөттөр агыла баштады. Алардын бир катарында Израил сокку урганда жараат алды делген балдардын канжалаган сүрөттөрү келип жатты. Ошол эле мезгилде анын «Юнис шаарынан чыгыштагы ал Карара айылы аткыланганда бир палестин бала набыт кетти» деген Твиттерине сүрөт кыстарылган жок.

Кас душмандардын согуш аракеттерин кадам сайын Твиттер аркылуу сүрөт, видеолор менен шөкөттөп, чагылдыруу социалдык маалымат тармагында биринчи жолу орун алып жатат окшойт. Бирок бул тармакта сөз согушу жаңы деле эмес. Мисалы былтыр сентябрда Ооганстанда талиптер Кабулга кол салганда алар НАТО баштаган күчтөрү менен Твиттерде бир топ «карсылдашкан» эле.

XS
SM
MD
LG