Кечээ Алмазбек Атамбаев орусиялык “Ростехнология" ишканасынын директору Сергей Чемезов менен жолукту. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда эки өлкө ортосундагы өндүрүш тармагындагы кызматташтык талкууланды.
Андан мурун бир катар орусиялык басылмалар Чемезовдун сапары учурунда Орусиянын Кыргызстанга берээри айтылган 1 миллиард долларлык курал–жаракка байланыштуу сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн деп жазышкан эле.
Мындан мурда “Коммерсант” гезити Орусия Кыргызстан Курадуу күчтөрүнүн курал-жарактарын жаңылоо үчүн 1,1 миллиард доллар бөлгөнү жатканын жазып чыккан.
Мындай маалыматты эки өлкө тең ырасмий түрдө төгүндөй да, тастыктай да элек.(BkA)