Бүгүн Бишкекте чен-өлчөм стандарттарын сактоо маселелери боюнча талкуу өттү. Анда Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция быйыл медициналык мекемелер текшерилип, анда кан басымды өлчөө, дары-дармек боюнча чен-өлчөмдүн 68 пайызы стандартка туура келбегени аныкталганын маалымдады.
Кыргызстанда коомчулук стандарт маселелерине байланыштуу дээрлик арызданбайт. Мисалы, быйыл күйүүчү майга байланыштуу 2 гана даттануу түшкөн. Ушундан улам Кыргызстандарт германиялык "Гис" компаниясы менен бирге “Өзүңдү алдатпоонун аракетин көр!” деген баракчаларды даярдады. Бул баракчалар негизинен Ош, Кара-Суу сыяктуу ири базарларда таратылат жана анда таразадан, баадан, буюм-тайымдын санынан жана салмагынан алдатпоо жолдору, эгер алданып калса, кимге кайрылуу керектиги тууралуу маалымат жазылган. (EBM)