"Хамас" исламчыл тобунун куралдуу канаты Иерусалимге ракета атканын билдирди. Израил болсо танктарын Газа тилкеси менен чек арага топтоодо. Аскерлер ракета шаардын ачык бөлгүнө түшкөнүн, андан эч ким жабыркабаганын айтышууда. Жөөт армиясы жумага оогон түнү Газага ондогон сокку уруп, "Хамас" көзөмөлдөгөн палестиналык анклавга басып кирүүгө даяр болууу үчүн 16 миңдей резервистти армияга чакыртып жатканын маалымдаган. Жума күнү миңдеген египеттик Израилдин тилкедеги аскредик операциясына каршылыгын билдирип, демонстрация өткөрүштү. Анын алдында Газага Египеттин премьер-министри барып кетип, "Хамаска" колдоосун билдирген.