Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын муфтийине кайрылуу жолдоп, интернет, телефон жана СМС ажырашууга тыюу салган өкүм чыгаруусун өтүндү. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” билдирди. Депутат чет өлкөлөрдө иштеген мигранттар арасында Кыргызстанда калган жубайларына уюлдук телефон, интернет жана СМС аркылуу талак берүү күчөгөнүн, ал шариатка туура келбестигин тастыктаган фатва чыгаруусун суранган. “Бул үй-бүлөлүк баалуулуктарды жогорулатууга, жаштарды адептүү, ата-бабаларыбыздын салтында жана дининде тарбиялоого жардам берет деп ишенем” деп айтылат депутаттын кайрылуусунда.
Орусия жана Казакстанда 1 миллиондун тегерегинде кыргызстандык эмгектенет. Адистер алардын арасында ажырашуулар, үй-бүлөсү бар башка адамдарга баш кошуп алган көрүнүштөр күчөгөнүн айтып келишет. (ZB)
Орусия жана Казакстанда 1 миллиондун тегерегинде кыргызстандык эмгектенет. Адистер алардын арасында ажырашуулар, үй-бүлөсү бар башка адамдарга баш кошуп алган көрүнүштөр күчөгөнүн айтып келишет. (ZB)