Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Жогорку Кеңештин депутаты Элмурат Обдуновго кылмыш иши козголду


Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты Элмурат Обдуновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул маалыматты башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, бул кылмыш ишин Ош шаардык прокуратурасы тергөөдө. Маалыматка ылайык, депутат Элмурат Обдуновго кылмыш иши Ош мамлекеттик университетинде бухгалтер болуп иштеп турганда каржылык уурдоолорго жол берген деген негизде козголгон.

Шаршемби күнү башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште "Ата Журт" фракциясынын камактагы депутаты Нариман Түлеев боюнча суроолорго жооп берип жатып, башка депутаттарга да кылмыш иштери козголушу мүмкүн экенин билдирген. Тиешелүү малыматтар топтолгон соң аларды тергөөгө тартууга уруксат алуу сунушу менен парламентке келерин айткан болчу. (ZB)

XS
SM
MD
LG