Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Азербайжанда оппозиция активисттери кармалды


Активисттер кармалган учур. 17-ноябрь, 2012-жыл.
Активисттер кармалган учур. 17-ноябрь, 2012-жыл.
Бакунун борборунан полиция президенттин кызматтан кетишин жана парламенттин таратылышын талап кылган митинг өткөрүүгө аракеттенгендер ичинен отуздай активистти камады.

Демонстранттарды полицейлер автобуска колу-бутун кайрып, салып кетишти. Окуяны тасмага түшүрүүгө умтулган айрым журналисттер да полицейлерден токмок жеди.

Бийликтер уруксат бербеген нааразылык акциясы оппозициянын Коомдук палатасына кирген Элдик фронт жана "Мусават" партияларынын жаштар канаты тарабынан уюштурулган. (UE)

XS
SM
MD
LG