Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жекшембиде Тегеранда Сириядагы өкмөт менен оппозицияны жараштырууну максат кылган бир күндүк конференция өткөнүн кабарлашты. Ага оппозициянын 200дөй өкүлү жана Сириянын Улуттук Элдешүү министри Али Хайдар катышканы айтылууда. Бирок талкууга Сириянын бозгунда жүргөн оппозиция лидерлеринен өкүлдөр болгон-болбогону айтылган жок. Адатта, ал топтордун көбү Иранга ишенишпейт, анткени “Тегеран Сириядагы президент Башар ал-Асадды колдойт” деп билишет.
Ирандын Тышкы иштер министри Али Акбар Салехи буга чейинки билдирүүлөрүндө “Сириянын оппозициялык топторуна оор курал-жарак бербеш керектигин, бул бүтүн регионду уюшкан терроризмдин коркунучуна кептей турганын” айткан.
Ирандагы конференцияны азыр өткөн аптадагы Катардагы жыйынга жооп катары баалап жатышат. Өткөн аптада Сириянын оппозициялык топтору Катарда чогулуп, президент Башар ал-Асадды бийликтен кулатыш үчүн бир коалицияга биригишкенин жарыялашкан.