Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Бишкекте үч эм төрөгөн энеге колдоо көрсөтүүгө чакырган акция өтүүдө


Бүгүн Бишкекте укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында нааразылык акцияга чыгып, үч эм төрөгөн энеге тезинен жардам берүүнү талап кылды. Токтонасыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, аны министрликтин өкүлдөрү кабыл алып, шаардан үй берүү министрликтин милдетине кирбей турганын айткан. Токтонасыров эми акциясын улантуу үчүн Бишкек мэриясына баратат.

Үч эм төрөп, ооруга чалдыккан Мунара Сейитбекова учурда Бишкектеги кардиология борборунда дарыланып жатат. 3 айлык ымыркайлар каралбай калгандыктан таенеси Таласта багууда. Сейитбекованын жакындары балдарга жөлөкпул төлөнбөй, мамлекеттен кам көрүлбөй жатканына нааразы. (EBM)

XS
SM
MD
LG