Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Орус жазуучусу Борис Стругацкий 79 жашында көз жумду

Б.Стругацкий, 21-июнь, 2004
Б.Стругацкий, 21-июнь, 2004
Атактуу советтик орус жазуучусу-фантаст Борис Стругацкий Санкт-Петербургдагы ооруканада дүйнөдөн кайтканын анын жоро-жолдоштору дүйшөмбүдө кабарлашты.

Жазуучу 1958-жылдан бери өзүнүн бир тууганы Аркадий Стругацкий менен бирге ондогон фантастикалык романдарды жараткан. Аркадий 1991-жылы көзү өтүп кеткенден кийин Борис Стругацкий дагы эки романды өз алдынча жазган болчу. Акыркы бир нече күндөн бери догдурлар анын абалын оор деп баалап жатышкан.

Ага-ини Стругацкийлердин чыгармалары мурдагы Советтер Союзунда кеңири популярдуулукка ээ болгон. Андрей Тарковский болсо белгилүү “Сталкер” тасмасын алардын китебинин негизинде тарткан.
XS
SM
MD
LG