Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Донорлор чек араны бекемдөөгө 1,6 миллион евро берет


Бүгүн Бишкекте эл аралык донор уюмдардын катышуусунда Кыргызстандын чек арасын комплекстүү башкаруу боюнча улуттук стратегия талкууланды. Анда Европа Биримдиги жана Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Борбор Азиядагы чек араларда башкарууга көмөктөшүү боюнча биргелешкен программасынын алкагында 1 миллион 600 миң евро бөлүнөрү маалымдалды.

Чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленов чек арадагы коопсуздукка мыйзамсыз миграция, маңзат соодасы, терроризм-экстремизм, курал-жарактарды мыйзамсыз ташуу сыяктуу коркунучтар көбүрөөк коркунуч келтирип жатканын белгиледи.

Аталган кызмат сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен бөлүнүп чыккан. Октябрда президент Алмазбек Атамбаев чек ара кызматын Оштон кайра Бишкекке көчүрүп келүү тууралуу жардыкка кол койгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG