Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

АКШ жана Кытай лидерлери эки өлкө алакасын кубатташты


Барак Обама менен Вэнь Цзябаонун сүйлөшүүлөрү. 20-ноябрь, 2012.
Барак Обама менен Вэнь Цзябаонун сүйлөшүүлөрү. 20-ноябрь, 2012.
АКШ президенти Барак Обама Азия өлкөлөрүнүн Камбоджа борбору Пномпендеги саммити учурунда Кытайдын кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан премьер-министри Вэнь Цзябао менен кездешти.

Ал эки өлкө алакасын “кызматташчыл жана конструктивдүү” деп мүнөздөдү. АКШ лидери ошондой эле эки мамлекет соода жана инвестиция боюнча “ачык-айкын” эрежелерди түзүп алуусу маанилүү экендигин кошумчалады.

Ал эми Кытайдын өкмөт башчысы Вэнь Цзябаонун айтымында, эки тараптуу алакалардагы чыңалууларга карабай ал да, Обама да АКШ жана Кытай мамилеси дүйндөгү эң маанилүү деген орток пикирде болушту.

АКШ президенти Кытайдын азыркы өкмөт башчысы менен акыркы ирет жолукту окшойт. Анткени премьер-министр катары Вэнь Цзябаонун жана президент Ху Цзиньтаонун кызмат мөөнөттөрү аяктоодо.

Кытай лидерлери ар он жылда шайлоо эмес, дайындоо аркылуу алмашып турат.
(UE)

XS
SM
MD
LG