Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Кыргызстан чек араны полициялык ыкма менен кайтарууну караштырууда


Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу боюнча улуттук стратегиянын бет ачарына арналган конференцияда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди:

- Азыр өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик баары өз чек араларын полиция ыкмасы менен кайтарууга өтүштү. Бул - кыйла эффективдүү жана арзан. Биз Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүктү караштырып жатабыз.

Сарпашев кошумчалагандай, Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүнөн улам чек ара тилкелерин мындай ыкма менен кайтаруу жана муну тез арада ишке киргизүү мүмкүн эмес.

Бирок өкмөт түндүк-чыгышта чек араны кайтаруу принцибин өзгөртүп, пилоттук долбоорлору киргизүүгө даяр.

Чек араны полиция ыкмасы менен кайтаруу полицейлерге чек арачылардын функциясын берүү дегендик. (UE)

XS
SM
MD
LG