Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Грузиянын мурдагы коргоо министри камалды


И.Окруашвили
И.Окруашвили
Иракли Окруашвили беш жыл чет мамлекетте жүрүп, мекенине кайтканда камакка алынды. Жумурияттын юстиция министри Теа Тсулукиани журналисттерге сүйлөп жатып, мурдагы коргоо министри Окруашвили шейшембиде Европадагы өлкөлөрдүн биринен мекенине кайтканын, муну менен ал “бейкүнөө экенин далилдегиси келгенин” айтты. Министрдин айтымында, Германия менен Франциянын соттору Окруашвилиге каршы иштер “саясий себептер менен түшүндүрүлөт” деп чечишкени менен, ага каршы ачылган иштерди заматта эле жаап салганга мүмкүн эмес.

Окруашвили “пара алган жана мыйзамсыз куралдуу топ түзгөн” деп айыпталып, ага каршы иликтөө иштери башталганда 2007-жылы Грузиядан качып кеткен. Ал кийинчерээк сыртынан соттолуп, 11 жылга түрмөгө да кесилген. Өлкөдө жаңы өкмөт куралып, Ички иштер министрлигинин бир топ расмий өкүлдөрүнө кылмыш иштери ачылгандан кийин эми Окруашвили мекенине кайтууну чечкен эле.

XS
SM
MD
LG