22-ноябрда Санкт-Петербургда “Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү: интеграция жана маданияттар диалогу” аттуу эл аралык конференция башталат. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, бул КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынынын учурунда кыргызстандык депутаттар демилгеси менен уюштурулууда. Эки күндүк конференция алкагында “Чыңгыз Айтматовдун жергеси” аттуу сүрөт көргөзмө жана жазуучунун Орусия китепканаларындагы китептеринин көргөзмөсү өтөт.
Конференция жыйынтыгында жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу иш-чараларды уюштуруп турууну камтыган атайын резолюция кабыл алынат.
Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган кыргыз депутаттарынын тобу катышат. (BkA)