Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Технопарктарды өнүктүрүү жолдору талкууланат


Бишкекте кыргыз-түрк “Манас” университетинде 22-ноябрда технопарктарды түзүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча эл аралык жыйын болот. Анда экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев технопарктар тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө маалымат берет. Иш-чарага Түркиянын, Түштүк Кореянын окумуштуулары да катышмакчы.

Буга чейин түрк өкмөтү аталган окуу жайдын алкагында технопарк ачууга каражат бөлүп көмөктөшөрүн билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG