Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

Ысык-Көл: мектептеги өрттүн айынан окуу 5 күнгө токтоду


Ак-Суу районуна караштуу Тегизчил айылындагы мектепти өрт 18-ноябрда чалган. Жалпысынан имараттын 120 чарчы метр жери күйгөн. Өрт өчүргүчтөрдүн маалыматына ылайык, кырсык электр зымдарынын бири-бири менен от алышуусунан чыккан. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Мирбек Асанакунов чыгымды тез арада тактап, имаратты оңдоого каражат бөлүүнү аталган райондун Курулуш башкармалыгына жана Ысык-Көл фондунун башкаруу дирекциясына тапшырды. Учурда келтирилген чыгымдарды атайын түзүлгөн комиссия изилдеп жатат. Учурда күйүктөн жыты кеткиче мектепте окуу 5 күнгө токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов билдирди. (MK)

XS
SM
MD
LG