Талас шаарында бүгүн тигүү жана жүн тытып, кийиз даярдоо боюнча эки ишкана ачылды. Анда майып болгон жана турмушта кыйналган 30 адам ишке алынат. Цех ачылганга чейин алар өз алдынча жардам топторун түзгөн жана атайын окуп даярданышкан.
Баасы 6,5 миң доллар болгон бул ишканаларды ачууга “Сорос-Кыргызстан” кору жардам берди. Учурда жергиликтүү малчылар менен жүн алуу боюнча келишим түзүлдү жана кездемелер сатылып алынды. Бул тууралуу аталган кордон кабарлашты. (EBM)