Индиянын Мумбай шаарында 2008-жылы ноябрда болгон чабуулда тирүү калган жалгыз согушчан - Аймал Касаб бүгүн эртең менен даргага асылды. Бул жөнүндө Индия өкмөтү билдирди.
Мумбайды үч күн коогага салган чабуулда 166 адам өлгөн. Индиянын коопсуздук күчтөрү тогуз согушчанды жок кылган. Пакистан жараны, 24 жаштагы Аймал Касаб радикалдуу “Лашкар-е-Талиба” уюмунун мүчөсү экенин ачык айткан.