Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

“Челси” жеңилди, баш машыктыруучусу кетирилди

Роберто Ди Маттео “Челси” командасынын башкы машыктыруучулуганан айдалды. Ли Маттеонун бошотулушуна “Челсинин” футболчуларынын Европанын Чемпиондор лигасынын кечээки беттешүүсүндө Италиянын “Ювентус” клубуна 0:3 эсебинде жеңилиши себеп болду. Лондондук клубдун ээси орусиялык миллиардер Роман Абрамович.

Чемпиондор лигасынын соңку беттешүүлөрүндө Украинанын “Шахтеру” Даниянын “Нордшелланд” клубун 5:1 эсебинде утту. Москвада “Спартактын” дарбазасына испаниялык коноктор - “Барселона” жоопсуз 3 топ киргизди. Эки топту Лионел Месси киргизди. Быйылкы сезондо Месси атаандаштардын дарбазасына 80 топ киргизди. 1972-жылы германиялык чабуулчу Герд Мюллер 85 топ киргизген.
XS
SM
MD
LG