Тел-Авивде автобус жарылганын Израил радиосу кабарлады. Ройтерс агенттигинин билдиришинче, жардыруудан кеминде он адам жарадар болду. Үчөөнүн абалы оор экени маалымдалууда. Израил полициясы жардырууну “террордук акт” деп сыпаттады.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Раммала шаарында палестин лидери Махмуд Аббас менен кездешип, Израил-ХАМАС чатагын токтотуу маселесин сүйлөштү. Пан Ги Мун кабарчылар менен жолгушууда палестиндерди Газадан Израилге ракета атууну тез токтотууга чакырды:
-Командирлерди, куралы барларды адам укугу боюнча эл аралык мыйзамдарды урматтоого, жарандарды ар убакта коргоого чакырам. Мындай өтүнүч азыркы кризис башталгандан бери тынбай жасалууда. Мен аны кайра кайталайм.
Баш катчы Пан Ги Мун бүгүн Египетке барат.