Кыштын күнү кан жолдо чукул кырдаалга кабылган, кырсыктаган жолоочуларга жана айдоочуларга жардам берүү үчүн Чүйдүн Суусамыр өрөөнүндө, Таластын Талды-Булак айылынын жанында бекеттер ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, анда дарыгерлер күнү-түнү күзөттө болот. Ошондой эле жол бойлото жайгашкан шаар, айылдардагы ооруканалар, медициналык жайларда да даярдык күчөтүлдү. Алар күйүүчү-майлоочу май, керектүү дары-дармек менен камсыз болду. (EBM)