Бүгүн Раммалада АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон, андан кийин Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен кездешти. Тараптар Израил - ХАМАС чатагын токтотуу маселесин сүйлөштү. Пан кездешүүдөн соң палестиндерди Газа тилкесинен Израилге ракета атууну тез токтотууга чакырды.
Бүгүн Израил Газага 100дөн ашуун сокку урду. ХАМАС Израилдин түштүгүнө төрт ракета атканын жөөт армиясы билдирди.
Бүгүн эле Тел-Авивде автобус жарылып, 10 киши жарадар болду. Израил бийликтери жардырууну “террордук акт” деп сыпаттады.
Газа шаарынын калкы автобуска жасалган бомба чабуулуну колдошууда. Атын атабаган палестиналык Роейтерс агенттигине:"Бул абадан, деңизден жана кургактан камоого алынган адамдардын табигый реакциясы. Мындай нерсенин болуп жатканы кадыресе иш. Жардыруу адамдарды кыжаалатка салат. Бул жөөттөрдөн өч алуу эмес. Бирок табигый реакция", - деген пикирин айтты.
Сегиз күндөн берки аткылашууда 136 палестиналык жана беш израилдик курман болду.
АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон бүгүн Каирге келди. Египет Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС уюму менен Израилди элдештирүүдөгү башкы ортомчу.