Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Ажатканадагы кырсык боюнча үч адамга айып тагылды

Кара-Суу райондук прокуратурасынан маалымдашынча, учурда  үч адамга айып тагылып, бир адамга издөө жарыяланды  Маалыматка ылайык, айып тагылгандардын бири мурда  камакка алынган Ош облустук мамлекеттик архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын мурдагы кызматкери үй камагына чыгарылды. Ал эми  Кара-Суу райондук архитектурасынын кызматкери менен  даараткананын кожоюну Муса Апышевтин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Муну менен катар кырсыкка күнөөлүү деп шектелген Ош облустук мамлекеттик архитектура көзөмөл башкармалыгынын кызматкери издөөдө жүрөт.

3-ноябрда күнү Кара-Суу шаарындагы ири базарда 40 орундуу ажаткананын түбү түшүп кетип, андан төрт киши каза тапкан, он беш адам жабыркаган. (SE)
XS
SM
MD
LG