Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы - баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм мындай маалыматты бүгүн таратты.
Аталган уюмдун эсебинде, президент Башар Асаддын режимине каршы козголоң башталган былтыр март айынан бери каза тапкан кеминде 40 миң кишинин 28 миңден ашууну жайкын тургундар.
Калгандары өкмөттүк аскерлер жана армиядан качып чыккандар.
Уюмдун айтымында, набыт болгон 40 миң адамдын арасына дайынсыз жоголгон миңдеген кишилер жана өкмөттү жактаган куралдуу топтордун өкүлдөрү кирген жок.
Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы жогорудагы маалыматтарды жыйноодо өз активисттеринин түйүнүнө, адвокаттарга, аскерий жана жарандык ооруканалардагы дарыгерлерге таянган. (UE)