Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Санкт-Петербургда сот америкалык ырчы Мадоннага каршы арызды четке какты


Петербургдагы соттун жыйыны, 22-ноябрь, 2012
Быйыл мартта Санкт-Петербург гомосексуализмди пропагандалоого тыйуу салган. Алты айдан кийин америкалык по ырчысы Мадонна бул шаардагы концертинде сексуалдык азчылыктарды колдоду деп нааразы болгон тургундардын тобу сотко кайрылышкан болчу. Нааразы болгон тарап Мадоннадан “атайылап мыйзамды бузганы” үчүн 333 млн. рубль (10.7 млн. доллар) айып пул өндүрүп берүүнү соттон суранышкан.

Кечээ соттун отурумунда алар далил катары ырчынын концертинен тартылган видео тасманы жана “Уикипедия” сайтынан алынган материалды көрсөтүштү. Петербургдагы сотко Мадонна өзү же анын өкүлдөрү катышкан жок. Анын ордуна ырчынын концертин уюштурган компаниянын өкүлдөрү келишти.

Сот акыр аягында кумсаларга каршы активисттердин арызын кароодон баш тартты жана аларга Мадоннанын концертин уюштурган компаниянын чыгымдарын төлөп берүүнү буйруду. Активисттер болсо соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылышарын билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG