Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

13 пайыз гана жеткинчек бакчага барат


Бүгүн Бишкекте балдарга татыктуу жана сапаттуу билим берүү маселелери тууралуу парламенттик угуу өтүп жатат. Анда мурунку президент Роза Отунбаева шаарда 6 жашка чейинки балдардын 13, ал эми айылдарда 7 гана пайызы мектепке чейинки мекемелерге барарын билдирип, мындай жайларды көбөйтүп жана тарбиячыларды, мугалимдерди жетиштүү даярдоо зарылдыгын белгиледи.

Бириккен улуттар уюмунун балдар корунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Жонатан Вейч Кыргызстанга келаткан жылы аталган уюм мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн 13 миллион доллар берилерин маалымдады.

Статистика боюнча, Кыргызстанда 6 жашка чейинки 886 миңдей жеткинчек бар. Өлкөдө 1990-жылдары 1,5 миңден ашуун бала бакча бар болчу. 2007-жылы 488ге чейин азайып кеткен. Учурда 741 бала бакча бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG