Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Партиялар административдик ресурс боюнча бийликке кайрылды


Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жаткан 14 партия бүгүн административдик ресурсту колдонууну тыюу тууралуу Жогорку Кеңешке, президентке жана өкмөткө кайрылуу жолдоду. Анда азыр жер-жерлерде мурункудай эле бийлик мамлекеттик мекемелерди, анда иштегендерди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатканы айтылат. Эгер добуш берүү күнү ар кандай көз бойомочулукка жол берилип, жыйынтыгы бурмаланса, калайман нааразылык акциялар уюштуруларын эскертти. Өздөрү ыплас технологияларды колдонбоого сөз берди.

Кайрылууга “Ар-намыс”, “Ак-Санат”, “Асман Ала-Тоо”, “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Кайран Эл”, "Кыргызстан элдик демократиялык партия”, “Жашылдар” партиясы, “Кыргызстан транспортчулар” партиясы, “Кыргызстан патриоттору” партиясы, “Республика”, “СССР”, “Эгемен Кыргызстан” жана “Эркин эл” партиясы кол койгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG