Аталган кеңеш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти Конор Просад аттуу Ирландиянын жаранына байланыштуу айыптаган билдирүү таратты. Анда атайын кызмат коопсуздукка чындап коркунуч келтирген көрүнүштөрдү алдын алып, кесепети менен күрөшпөй, Оштогу кырдаалды иликтеп, мамлекетке сунуш даярдап жургөн укук коргоочуну куугунтуктады деп айтылат.
УКМК Конор Прасад Ошто өзбек тектүү жарандарды кыргыздарга кайрап жүргөнү аныкталды деп маалымдаган. Бул чет өлкөлүк жаран Ошко Кризисти алдын алуу боюнча эл аралык топ аркылуу келген.
Атайын кызмат учурда Прасадга кыргыз жана эл аралык мыйзамдардын чегинде чара көрүү маселесин чечип жатат. Ал иштеген эл аралык уюм кызматкери тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасына кайрылды. (EBM)