Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү “Асман прессти” сотко берет


Жусубалы Төрөмаматов бүгүн маалымат жыйында буга чейин бир да партияга мүчө болбогонун, административдик ресурс колдонулуп жатат деген сөз чыкпашы үчүн шайлоо алдында айыл-шаар башчылары менен жолукпагандыгын билдирди. “Асман пресс” гезити макаласында жазылгандарды төгүнгө чыгарып, өзүнөн маалымат каражаттары аркылуу кечирим сурашын талап кылып, аталган басылманын редакторуна кат даярдап жатканын айтты. Эгер талабы аткарылбаса, гезитти сотко берерин белгиледи.

"Асман пресс" 22-ноябрдагы №30 санында “Азыркы бийликтин этегине жармашкан Төрөмаматов" (“Торомаматов, привязавшийся к юбке пришедшей власти”) деген макала жарыялаган. Басылма бул боюнча комментарий тарата элек. (YA)

XS
SM
MD
LG