Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Египет оппозициясы президент Мурсиге каршы ири демонстрация өткөрөт


Египет оппозициясынын лидерлери президент Мохаммед Мурсини “өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтип алды” деп айыптап, жарандарды бүгүн өлкөнүн бардык шаарларында аянттарга каршылык акциясына чыгууга үндөдү. Оппозиция лидерлеринин бири, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Мохаммед Барадеи президент Мурсини “өзүн Египеттин жаңы фараону атап алды” деп айыптады.

Президенттин Конституциялык декларацияга киргизген өзгөртүүлөрүнө ылайык “Мамлекет башчысынын жарлык-чечимдери жана мыйзамдары кайра кароого же талкууга жатпайт, акыркы чечим катары каралып, керек болсо сот да өзгөртө албайт”. Мурси мындай чечимди кабыл алган себебин “революциялык жеңишти коргоо үчүн” деп айтты.

Мурси өлкөнүн башкы прокурорун кызматтан алып, мурдагы президент Хосни Мубарактын тушунда акцияга чыккандарга каршылык көрсөткөндөргө козголгон кылмыш иштерин кайра карап чыгууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG