Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:26

Израил Газаны кайрадан аткылаганы кабарланууда


Бүгүн Израил Газа секторун кайрадан атып, анда бир палестиналык набыт болуп, дагы ондогон адамдар жарадар болгонун жергиликтүү дарыгерлер кабарлашты. Бирок бул маалыматты Израил армиясы тастыктай элек.

Израил менен ХАМАС сегиз күнгө созулган атышуусун токтотуу жөнүндө келишим шаршембиде жарыяланып, күчүнө кирген. Бейшемби күнү Газада жашоо акырындап кайра мурдагы калыбына келе баштаганы кабарланган.

Тынчтыкка келүү келишимин Египет сунуштап, АКШ аны колдоого алган. Сегиз күндүк чабуулда Палестинада 160 адам өлдү, алардын ичинде ондогон балдар да бар. Израилде болсо алты киши набыт болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG