Жума күнү Иран өкмөтү АКШнын деңиз күчтөрүн Перс жана Оман булуңдарында “мыйзамсыз жана кутумчулук аракеттерин жасоодо” деп күнөөлөдү. Ирандын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Мухаммед Казайи БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга жана Коопсуздук кеңешине жолдогон катында октябрдан бери Бушер атомдук станциясы жайгашкан аймактын аба мейкиндиги жети жолу бузулганы, 1-ноябрда АКШнын пилотсуз учагы радио эскертүүлөргө карабай өлкөнүн аба мейкиндигин бузганы белгиленет. Ырасмий катта “эл аралык мыйзамды бузууну жана кутумчулук аракеттерди токтот деп Вашингтонго эскертүү берилсин деген өтүнүч да айтылат. Азырынча Ак үй эч кандай билдирүү жасай элек.