Мухаммед Мурсинин президенттик бийлик укугун кеңейткен жарлыгына каршы нааразылык аакциялары уланууда. Кечээ түнү Жогорку Соттун Каирдеги башкеңсесинин алдына чогулган жүздөгөн адамдарды полиция көздөн жаш агызчу газ атып таратканы маалымдалды.
Египеттин юристтер ассоциациясы Мурсинин амирине каршылык ирети бардык сот жана прокуратура кызматкерлерин иш таштоого чакырган. Бейшемби күнкү декрет жаңы парламент шайланганга чейин сотторго президенттин жарлыктарын токтотууга жана жаңы Конституция жазылып бүткөнчө исламчылар үстөмдүк кылган парламентти таркатууга тыйуу салат.
Оппозициянын көрүнүктүү өкүлү Мухаммад Барадейи “диктатордук” жарлык алынып салынмайын, президент менен эч кандай сүйлөшүү болбойт деди "Ройтерс" агенттигине курган маегинде: "Мен бүт өмүрүмдү диалогду жактап жүрүп өткөрдүм. Бирок диктатор эң репрессивдүү жарлык чыгарып туруп: "Келгиле, мунасага баралы”, - деген соң эч кандай сүйлөшүү мүмкүн эмес. Биз көз карашыбыздан баш тарта албайбыз. Бирок декрет жокко чыгарылгандан кийин биз сүйлөшө алабыз".