Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

“Ата-Журттун” камактагы депутаттарынын ишин тергөө аяктады


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, бүгүн депутаттарга тергөөнүн жыйынтыгы угузулат жана сотто камоо мөөнөтүн узартуу тууралуу доо арыз каралат.

Салянова Жогорку Кеңештин азыркы курамындагы айрым депутаттарга да материалдар бар экенин айтты. Бирок канча депутатка кандай негизде кылмыш иш козголорун ачыктаган жок. Башкы прокуратура быйыл 10 айдын ичинде Жогорку Кеңештин 6 депутатына кылмыш иш козгогон.

"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов бийликти басып алууга аракет жасады деген айып менен 5-октябрда эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG