Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги 204 шайлоо участкасынын 154үндө добуштар толук эсептелгенин жарыялады. Алдын ала жыйынтык боюнча, Социал-демократтар алдыда. Бул партияга шайлоочулардын 32,35 пайызы добуш берди. Экинчи орунду “Республика” партиясы 18,08 пайыз менен алды. “Замандашка” 10,04, ал эми “Ата Мекенге” 9,85 пайыз добуш тийди. (EBM)