Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Жалал-Абад: шайлоого нааразы партиялар бийликке кайрылды


Жалал-Абад шаарында шайлоону тааныбаган жана анын жыйынтыгына ишенбеген 8 партия президентке жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Анда добуш берүү таза эмес өтүп, шайлоого жарандын 63 пайызы эмес анын теңине да жакыны катышпаганы айтылат. Ушундан улам мыйзам бузууларды иликтөө үчүн комиссия түзүп, ага жол бергендерди жоопко тартуу талабы коюлган.

Шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаева жыйында шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир эте турган мыйзам бузуулар болбогондугун жана БШК менен соттун чечимин аткарууга даяр экендигин билдирди.

Нааразы болуп бийликке кайрылуу жолдогондор “Замандаш”, КСДП, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар”, “Республика”, “Эгемен Кыргызстан” ,”Ата Мекен” жана Кыргызстан Коммунисттер партиялары. (YA)

XS
SM
MD
LG