Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Садыркуловдун өлүмү боюнча сот өкүм чыгарууда


Ушул сааттарда Бишкек гарнизондук аскер соту президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов баштаган үч кишинин өлүмү боюнча өкүмдү окуп жатат. Аталган аскер соту үстүбүздөгү жылдын жаз айларынан бери Медет Садыркуловдун, анын айдоочусу Кубат Сулаймановдун, аналитик Сергей Слепченконун жана “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновдун өлүмү боюнча ишти карап келе жаткан. Өткөн жумада мамлекеттик айыптоочу бул иш боюнча айыпталып жаткан жети кишиге: мурунку күзөт кызматынын капитаны Марат Турдкуловго, “Альфа” атайын тобунун кызматкери Бакыт Байжановго, күзөт агенттигинин башчысы Эргешбек Маткайымовго, Бишкек ИИБ жетекчисинин мурдагы орун басары Нурланбек Темирбаевге, чек ара кызматынын мурунку башчысы Замир Молдошевге жана уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү делген Азизбек Кожошев менен Садык Борбуевге карата эң оор жаза берүүсүн соттон сураган.

Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иш боюнча башында он кишиге айып тагылган, бирок соттун жүрүшүндө үчөө мунапыска туш болушкан.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Медет Садыркулов кызматынан кеткенден эки айдан кийин, 2009-жылы 13-мартта киши колдуу болуп өлгөн. Анын өрттөлгөн автоунаасынан айдоочусунун, өзүнүн жана аналитик Слепченконун сөөктөрү табылган. Ошол туштагы бийлик муну автокырсык катары баалап, ага айыптуу катары “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновду камакка алган. Ал кийинчерээк абакта жаткан жеринен тындым кылынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG