Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Ясир Арафаттын сөөгү эксгумация болот


Швейцария, Франция, Орусия жана палестиналык эксперттер Арафаттын ууланган же ууланбаганын аныктоо үчүн бүгүн анын Рамалладагы мүрзөсүн ачышмакчы. Мындан төрт ай мурун француз бийлиги Арафаттын өлүмү боюнча тергөө ишин баштаган эле, ага Швейцариядагы радиология институтунун 2004-жылы Парижде көз жумган Ясир Арафат радиоактивдүү полоний менен ууландырылган болуусу мүмкүн деген маалыматы себеп болгон.

Мурдагы палестин лидери Ясир Арафат 2004-жылдын ноябрында Париждин жанындагы ооруканада көз жумган. Франциялык доктурлар анын мээсине кан куюлган деген диагноз коюп, бирок ага эмне себеп болгонун аныктай алышкан эмес. Көптөгөн палестиналыктар анын өлүмүнө Израилди күнөөлөп келишет, Израил болсо мындай айыптоолорду четке кагып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG